музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИРАН ИСЛАМ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ КҮНДѲРҮНҮН АЛКАГЫНДА, ИРАН КОЛ ѲНѲРЧҮЛѲРҮНҮН МАСТЕР-КЛАССТАРЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИРАН ИСЛАМ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ КҮНДѲРҮНҮН АЛКАГЫНДА, ИРАН КОЛ ѲНѲРЧҮЛѲРҮНҮН МАСТЕР-КЛАССТАРЫ ѲТТҮ

Тарых музейинде иран кол ѳнѳрчүлѳрүнүн каллиграфия, миниатюра, торевтика, маркетри жана эмалга сүрөт тартуу чеберчиликтери боюнча мастер-классы уюштурулду.
Иш-чарага музей директору, профессор Жылдыз Бакашова атайын катышып, чеберлер менен кол ѳнѳрчүлүктүн сырлары тууралуу сүйлѳшүп, байыркы ѳнѳр ээлеринин эмгектери менен таанышып чыкты.
Искусствонун бул түрлөрү боюнча кызыгуучуларга мастер-класстар уюштурулуп, каалоочулар жыгач оюу, металлга сүрөт чегүү, эмалга сүрөт тартуу, живопись, миниатюра жана каллиграфия боюнча искусство чеберлеринен сабак алышты.
Тарыхый мекемеде ѳтүп жаткан иш-чара жаштардын дүйнѳ таанымын кеңейтип, чыгыш маданиятынын ажырагыс бир бѳлүгү саналган эски кол ѳнѳрчүлүгүнүн сырларын жакындан таанытты.
Музейде байма-бай ѳтүп жаткан массалык иш-чаралардын жана агартуу иштеринин коомго тийгизген оң жактарын жана маданий жайлардын ролунун ѳсүп жаткандыгын атайын келген катышуучулар белгилеп, ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90