музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ФРАНЦУЗ ИЗИЛДѲѲЧҮСҮНҮН КИТЕБИИНИН БЕТ АЧАРЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ФРАНЦУЗ ИЗИЛДѲѲЧҮСҮНҮН КИТЕБИИНИН БЕТ АЧАРЫ ѲТТҮ

Кыргызстандын Башкы музейинде буга чейинки тарых музейи менен Франция Элчилигинин маданий кызматташтыгынын алкагында, Борбордук Азияны изилдөө боюнча француз институту (IFEAC) тарабынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык кѳргѳн француз изилдѳѳчүсү Гзавье Аллездин “Кыргыз менен француздун ѳзгѳчѳ жолугушуусу – Алай, 1906-ж., Пол Пелионун саякат жазуулары жана Шарль Нуэтанын сүрѳттѳрү” китебинин расмий бет ачарына арналган иш-чара уюштурулду.
Иш-чараны тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып жана алып барды.
Музей директору докладында, Француз илимий экспедициясынын 1906-1908-жж. Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстандын аймагына жасаган миссиясынын орду ѳтѳ маанилүү болгондугун, илимий маанилүү маалыматтар менен катар, уникалдуу фотоколлекциялардын ичинде жарыялана элек сүрѳттѳрүнүн китепке киргизилиши, кыргыз тарыхы үчүн баа жеткис мурас экендигин белгиледи.
Салтанаттуу иш-чарага КР ЖК депутаты Арслан Малиев, Маданият министринин орун басары Марат Тагаев, КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Франциянын элчиси Франсуа Делаус, КР Баатыры Апас Жумагулов, француз изилдѳѳчүсү Гзавье Аллез, КР УИАнын тарых институтунун директору Аблабек Асанканов, окумуштуу Амантур Жапаров, Алымбек жана Курманжан датканын урпагы Чыныбек Абдыкапаров ж.б. кѳптѳгѳн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдүү публика катышты.
Сѳз алган мамлекеттик кызматкерлер жана окумуштуулар кыргыз-француз кызматташтыгын чыңдаган иш-чара менен, илимий мааниси чоң архивдик баалуу эмгектин жана сүрѳттѳрдүн кыргыз тарапка ѳткѳрүлүп жатышын кубатташты.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ, автордун китеби, эки тарыхый сүрѳт салынган картина жана Гиме музейинде сакталган сүрѳттѳрдүн электрондук форматтагы 45 кѳчүрмѳлѳрү улуттук музейдин фондусуна салтанаттуу ѳткѳрүп берилди.
Кыргыз-француз дипломатиясынын чыңдаган жана кыргыз илимий чѳйрѳсү үчүн жакшы жаңылык болгон музейде ѳткѳн иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90