музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

Мааракелик майрамга КР Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ардактуу ардагер дипломаттар, чет ѳлкѳлѳрдүн Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери, дипломатиялык корпустун кызматкерлери катышты.
Сѳз сүйлѳгѳн жетекчилер, Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык ары милдеттүү, ары байсалдуу жолу, кыргыз дипломатиясынын ийгиликтери, тутунган багыты жана жасай турган кадамдары тууралуу, мазмунду куттуктоолорун жана каалоолорун жолдошту.
Министр Жээнбек Кулубаев иш-чараны ѳткѳрүүгѳ салымын кошуп, мааркени музейдин маданий аянтына ѳткѳрүүгѳ мүмкүндүк түзгѳн жана активдүү кызматташкан музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашовага министрликтин атынан ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ Кыргызстандын тышкы саясатын жана дипломатиялык мамилелерин ѳнүктүрүүгѳ зор салым кошкон мурдагы министрлерге, туруктуу ѳкүлдѳргѳ жана элчиликти аркалаган патриарх жетекчилерге мааракелик медалдар ыйгарылды.
Соңунда Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык тарыхы чагылдырылган фотокѳргѳзмѳ менен расмий ачылып, тааныштырылды.
Пресс-маалымат: КР Тышкы иштер министрлиги 1944-жылы 17-мартта түзүлгѳн. Алгач түзүлгѳндѳ 4 гана кызматкер иштеп, аппаратта саясий башкармалык, протоколдук жана консулдук бѳлүм, жашыруун шифрлѳѳ бѳлүмү жана жалпы бѳлүмдѳн турган структура иш алып барган.
Иш жүзүндѳ дипломатиялык корпустун 8-10 адамдан турган штаттык бирдиги 1991-ж. чейин сакталып келген.
80 жыл аралыгында 18 кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер бул кызматты аркалап, 23 тышкы иштер министри иштеген. 2022-жылдын апрель айынан бери Жээнбек Кулубаев 24 министр катары бул кызматты алып барат. Совет доорунда бүтүндѳй кыргыз дипломатиясынын плеидасы, мууну ѳсүп чыккан. Алгачкы Тышкы иштер министри, тышкы саясаттын пайдубалын түптѳгѳн Казы Дикамбаев 1944-1949-жж. бул жооптуу кызматты жетектеген. Эң узак Сакин Бекматова 17 жыл Министрлер Советинин тѳрагасынын орун басары жана Тышкы иштер министри болуп турган.
Азыркы күндѳ, ТИМдин борбордук аппараты иш жүргүзүп чет ѳлкѳлѳрдѳ ТИМдин 40тан ашуун мекемеси бар. Дүйнѳнүн 170 ѳлкѳсү менен дипломатиялык тыгыз алакалар жүргүзүлѳт. Ѳлкѳ эл аралык 123 уюм жана бирикмелер менен ар тараптуу кызматташат.
Дүйнѳлүк мейкиндикке чыныгы актор катары ийгиликтүү интеграциялануунун негизи, Эгемендүү Кыргызстандын 1992-жылы 2-мартта БУУга бир добуштан кабыл алынышы болгон. Бүгүнкү күндѳ Кыргызстан тарабынан сунушталган 13 резолюция жактырылып колдоого алынган.
Алар:“Манас эпосунун” 1000 жылдыгын белгилѳѳ, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилѳѳ; 2002-жылды Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо ж.б. олуттуу резолюциялар болуп эсептелет.
БУУ жана анын адистешкен уюмдары менен ар тараптуу кѳптѳгѳн стратегиялык жана перспективалык долбоорлор 30 жыл аралыгында ийгиликтүү иштеп келет.
Тышкы саясатынын жаңы кабыл алынган концепциясы боюнча, Кыргызстан бардык кѳйгѳйлүү маселелерди тынчтык менен чечүү, улуттар аралык араздашууга жол бербѳѳ жана ѳз ара пайдалуу социалдык-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташуунун жактоонуу улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90