музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КОЧКОР РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КОЧКОР РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

Нарын облусунун, Кочкор районунун, Ак-Жар айылынын мугалимдери менен окуучулары, эс алуу жана тажрыйбаларын арттыруу максатында музейге саякатка келишти.
Билимге суусап турган окуучуларга, кыргыздын санжырасы, маданияты, ѳз мезгилиндеги кубаттуу каганаты, чыгаан инсандарынын ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жүргүзүлдү.
Карта, медиастанция, таблицалардагы маалыматтарды угуп, кѳрүп, салыштырып, талдаган жана берген суроолоруна канааттандырарлык жоопторун алган элеттик окуучулар, соңунда тарыхый мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90