музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

Ат-Башы районунун, Дыйкан айылынын, Акиш Капаров атындагы орто мектебинин активдүү мугалими Искакова Бурулдун уюштуруусу менен мугалимдери жана окуучулары, маданий программанын алкагында музейге саякат кылышты.
Алгач тарыхый экскурсияга мүмкүнчүлүк түзүп берген мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашовага жолугуп, ыраазычылык иретинде Ардак грамотасын тапшырып, эстелик сүрѳткѳ түшүштү.
Мектептин зээндүү жана зирек окуучулары устаттары менен биргеликте, музей экспозициясындагы пассионардуу инсандардын бейнесинен – кѳрүнүктүү окуяларга чейин сүрѳттѳлгѳн кѳргѳзмѳ менен таанышты.
Элдик тарбия, жаңы усулдук билим жана азыркы мезгилдеги реформаларга чейин кѳз жүгүртүп, маалымат алган экскурсанттар, соңунда терең ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90