музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МОЛДОВА ѲЛКѲСҮНҮН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МОЛДОВА ѲЛКѲСҮНҮН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Молдованын социалдык кызматташуу алкагында иш сапарда жүргѳн делегация курамы, Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен таанышуу максатында музейге саякат жасады.
Кыргызстанда табылган коллекциялардын Борбордук Азия мейкиндигине тараган маданияттар менен байланышы, себептери, тарыхый мааниси жана изилдениши тууралуу кызыгуу менен угушту.
Чѳлкѳмдүн кѳчмѳн жана отурукташкан гүлдѳгѳн цивилизациялардын кесилишкен жеринде ыңгайлуу географиялык алкакта жайгашкандыктан, тарыхта бурулуш жараткан окуяларга жана артефактарга бай экендиги түшүндүрүлдү.
Кыргыз тарыхы боюнча кеңири маалымат алган меймандар, соңунда агартуучулук иши менен алектенип келе жаткан мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90