музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ѲКҮЛДѲРҮ КѲРҮП КЕТТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ѲКҮЛДѲРҮ КѲРҮП КЕТТИ

Кыргызстандагы соттор аралык санарип багытындагы кызматташуу иш сапарынын алкагында, кыргыз элинин меймандостугу, салты, тарыхы менен таанышып жүргѳн КЭРдин делегация тобу, тарых музейине саякат жасады.
Делегация ѳкүлдѳрүнѳ, 1926-жылдан бери топтолуп келе жаткан, таберикке айланган миңдеген музей буюмдарынын таржымалына таянуу аркылуу, улуу мурастарыбыз тууралуу экскурсия жүргүзүлдү.
Кыргыз жеринин ар түрдүү маданияттарга, тарыхый эстеликтерге, уникалдуу табылгаларга бай экендигин баса белгилеген меймандар, соңунда руханий-эстетикалык эс алуу тартуулаган, кѳрѳңгѳнү байыткан мекемеге терең ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90