музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ КЕЛДИ

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук кызматташтыктын алкагында иш сапарда жүргѳн Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко атайын келип, музейге саякат кылды.
Расмий делегация ѳкүлдѳрүн мекеменинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова ѳзү тосуп алып, биргеликте музей коллекцияларын кѳрүп чыгышты.
Меймандар, Кыргызстан байыртадан маданий алакалардын борборунда, эл аралык окуялардын чордонунда туруп, окуяларга жана анын далили саналган оозеки, жазуу жана заттык булактарга байлыгын, экспонаттар жана темалар аркылуу таанышып чыгып, суктануусун билдиришти.
Музейдин туруктуу экспозициясын кѳңүл коюу менен кѳрүп чыккан Александр Грушко мырза жана дипломатиялык ѳкүлчүлүктүн жогорку рангдагы ѳкүлдѳрү, соңунда жылуу кабыл алган музей жетекчилигине жана ырааттуу жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын айтышты.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90