музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ СУАРДЫН ТѲРАГАСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ СУАРДЫН ТѲРАГАСЫ КЕЛДИ

СУАРдын төрагасынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында, КР Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун тѳрагасы Эркин Тунияз жетектеген делегацияны, КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень айымды жана башка конокторду КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова жана музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, алгач эстелик сүрѳткѳ түшүштү.
Андан соң, Кыргызстандын кайталангыс суктандырган экспонат топтомдору жана миңдеген жылдарга созулган бай тарыхы, кѳѳнѳ наркы тууралуу меймандарга тааныштыруу иши жүргүзүлдү.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90