музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ ТҮРКМѲНСТАНГА БАРЫП, ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫП КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ ТҮРКМѲНСТАНГА БАРЫП, ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫП КЕЛДИ

Түркмѳнстанга Анау шаарында ѳткѳн “Анау 2024 – түрк дүйнѳсүнүн маданий борбору” аталыштагы салтанаттуу иш-чаранын ачылышына, музейдин илимий кызматкери археолог-реставратор Эмил уулу Арген катышты.
Алгач ТЮРКСОЙдун делегациясы менен бирге байыркы Анау шаарына барып, ал жердеги орто кылымдагы кѳрүнүктүү архитектуралук комлекс – Сейит Джемалетдин мечити менен таанышып, маданий экскурсияларда болду.
Илимий конференция “Ak bugday” музейинде, ТЮРКСОЙдун мүчѳ ѳлкѳлѳрүнүн мамлекеттик жана улуттук музейлеринин жетекчилеринин жана илимий кызматкерлеринин катышуусунда ѳттү.
Эмил уулу Арген конференцияда, илимий публикага: “Жаңы археологиялык ачылыштар: Кыргызстандын аймагында эрте темир доорундагы кѳрүстѳн эстеликтерин изилдѳѳ” темасында доклад менен чыгып, жаңы археологиялык ачылыштардын жыйынтыгы тууралуу кызыктуу маалымат берди.
Тарых музейи, эл аралык иш-чараларга катышуу менен, Кыргызстандын маданиятын таанытуу жана жаш адистерди тарбиялоо миссиясын ийгиликтүү ишке ашырууда.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90