музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИСА АХУНБАЕВГЕ АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ БУРЧУ АЧЫЛДЫ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИСА АХУНБАЕВГЕ АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ БУРЧУ АЧЫЛДЫ

КРнын Улуттук тарых музейинде кыргыздын чыгаан уулу, илимпоз, медицинанын корифейи Иса Ахунбаевдин фотодокументалдык жана буюмдардан турган атайын бурч ачылып, ѳтѳлгѳлүү ѳмүр сүргѳн инсандын архивдик сейрек документтери, сүрѳттѳрү, буюмдары, медициналык аспаптары, орден-медалдары коюлду.
Музей тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чараны, музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова ачып жана алып барып, атагы таш жарган хирургка арналган кѳргѳзмѳнүн ордун жана маанисин белгилеп ѳттү.
Иш-чарага КР Президентинин кеңешчиси Медетбек Букуев, КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев ж.б. кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин жана саламаттыкты сактоонун белгилүү өкүлдөрү, о.э. музей кызматкерлери менен жакындары катышышты.
Атактуу хирургдун тарыхтагы орду, инсан, илимпоз жана жетекчи катары Кыргызстан, Союздук Республикаларга жана дүйнѳлүк коомчулукка тараган атагы, эмгеги, кошкон салымы жана музей кызматкерлери түзгѳн кѳргѳзмѳнүн тарбиялык максаты тууралуу, атайын чакырылган жетекчилер уюткулуу насаат сѳздѳрүн арнашты.
Андан соң, Ахунбаевдин бурчу салтанаттуу ачылып, кѳргѳзмѳ тааныштырылуу менен, иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Пресс-маалымат:
КССРинин Саламаттыкты сактоо эл комиссары, Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу жайдын ректору, профессор, академик. Орто Азияда жүрѳккѳ алгач операция жасаган хирург, КССР Илимдер Академиясынын биринчи президенти, СССРдин жана КССРинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты сыяктуу олуттуу илимий даражаларга жетип жана жооптуу кызматтарды аркалаган.
1930-жылдары “Эл душманы” деп кыргыздын мыкты уулдары менен кармалып, жалган караланып, кийин акталып чыккан эл уулу болгон.
Улуттук музей, элине кызмат кылган улуттун улуу инсандын ѳмүрү жана ишмердигин кеңири чагылдырууну мындан ары да жигердүү улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90