музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЖАРАНДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ, КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ДЕП ѲЗҮН ТААНУУСУН ѲНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЖАРАНДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ, КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ДЕП ѲЗҮН ТААНУУСУН ѲНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

Музейдин жыйындар залында, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Борбордук шайлоо комиссиясы жана ПисНексус фондунун Борбор Азия боюнча регионалдык өкүлчүлүгү менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын атуулдарынын жарандык кѳз карашын, мекенге болгон бийик сезимин күчѳтүүгѳ багытталган “Жарандык билим берүү аркылуу Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү” темасында тегерек стол уюштурулду.
КР Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларга талдоо бөлүмүнүн башчысы – Октябрь Капалбаев, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары – Нурлан Койчукеев, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Чынгыз Эсенгул уулу, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары – Муратбек Касымалиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы – Алмамбет Матубраимов, ПисНексус фондунун Борбор Азия боюнча регионалдык менеджери – Чинара Эсенгул жана башка кесипкѳй адистер менен эксперттер жыйынга катышышты.
Маанилүү отурумунун катышуучулары бир ооздон Кыргыз жараны идеясы менен концепциясынын маанилүүлүгүн кѳрсѳтүп, коомчулукка жайылтуу боюнча иштелип чыккан усулдук колдонмону колдонуу жолдорун талкуулап, комплекстүү ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.
Талкууда тил, этностор аралык мамиле багытындагы маселелер кѳтѳрүлүп, мамлекеттин бул жааттагы саясаты актуалдуу экендигине токтолуп ѳтүштү.
Кыргыз жарандарынын ынтымагына, улуттук жана интернационалдык туура кѳз караштарынын калыптанышына, мамлекеттин жалпы келечегине арналган жыйын, Кыргыз жараны концепциясын билим берүү жолу аркылуу жайылтуу керек деген чечим менен жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90