музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН КҮНҮНѲ КАРАТА ТЕМАТИКАЛЫК ЛЕКЦИЯ ОКУЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН КҮНҮНѲ КАРАТА ТЕМАТИКАЛЫК ЛЕКЦИЯ ОКУЛДУ

2010-жылдын 7-апрели өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу жана ошол эле мезгилде эң маанилүү окуялардын бири, анын зор мааниси менен көрсөтүлгөн эрдиктин бийиктиги жылдар өткөн сайын так көрүнүп бара жаткандыгын тарых айкындоодо.
Тарых музейи, Кыргыз тарыхындагы элдик революциянын тарыхый маанисин коомчулукка жана жаштарга жеткирүү максатында, туруктуу экспозициясы, мезгилдүү кѳргѳзмѳлѳрү жана тематикалык лекциялар аркылуу түшүндүрүү-жайылтуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.
И. Арабаев атындагы КМУнун ѳсүп келе жаткан студенттерине жана демилгечил окутуучуларына, 2022-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясынын, 2005-жылдын 24-мартындагы Март революциясынын жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Апрель элдик революциясынын себептери, жүрүшү, сабагы, тарыхый натыйжалары, революциянын мыйзам ченемдүүлүктѳрү жана элдин мамлекеттүлүк үчүн кѳрүшүү унутулбастыгы тууралуу атайын дарс окулду.
Музей кѳрүүчүлѳрү жана тарыхый окуя менен таанышкысы келген жарандарыбыз да, окуя жана эрдик кѳрсѳткѳн баатырларыбыз тууралуу фотодокументалдык, буюм китептерден жана медиастанциялардагы атайын документ, сүрѳт, карталардан кѳптѳгѳн маалыматтарды алып кетсе болот.
Эгемендүүлүк түптѳлүп, ѳлкѳ калыптануу процессиндеги элдик революциянын кыргыз тарыхындагы орду тууралуу негиздүү маалымат алган окуу жайдын студенттери, соңунда тарых менен тарбиялап, агартуу ишин аркалап келе жаткан мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90