музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫТАЙ ѲЛКѲСҮНҮН ШЭНЬСИ ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ХОУ НИНБИНЬ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫТАЙ ѲЛКѲСҮНҮН ШЭНЬСИ ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ХОУ НИНБИНЬ КЕЛДИ

Кытайдын ѳлкѳсүнүн Шэньси провинциясынын Шэньси тарых музейинин директору Хоу Нинбинь мырза Кыргызстан, Казакстан жана Ѳзбекстан музейлери менен маданий кызматташуунун алкагында, Кыргызстандын Башкы музейине келди.
Музей директору жетектеген делегацияны, мекеменин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, алдыдагы эки тараптуу илимий, маданий, тарыхый багыттагы музей ишинин ѳнүктүрүүгѳ арналган иш-чаралардын, сапарлардын планы, кызматташуу багыттары боюнча деталдуу сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлдү.
Расмий сүйлѳшүүнүн жүрүшүндѳ, Хоу Нинбинь мырза баалуу белегин тартууласа, профессор Жылдыз Бакашова музейдин “Таш айкелдер” аталыштагы мыкты коллекциялар камтылган альбом китебин эстеликке тапшырды.
Андан соң, музейдин бай тарыхы жана мыкты коллекциялары менен делегация ѳкүлдѳрү таанышып чыгып, иштиктүү кабыл алууга, жетишилген макулдашууга жана жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдирип кетишти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90