музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ XI ЭЛ АРАЛЫК “ҮМҮТ” ЖАШ КИНОЧУЛАР ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ XI ЭЛ АРАЛЫК “ҮМҮТ” ЖАШ КИНОЧУЛАР ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

Ѳзбекстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Армения, Иран, Эстония жана Татарстандын ѳлкѳлѳрүнѳн келген кинофорумдун катышуучулары, Кыргызстандын Башкы музейинде болушту.
Кыргыз элинин тарыхынын жана маданиятынын эң баалуу эстеликтери менен таанышуу максатында келген меймандарга, кыргыздардын улуттук оюндары, улуттук кийимдери, турак жайы – боз үйүнүн тарыхы, жасалышы, салттык-турмуштук мааниси тууралуу илимий экскурсия жүргүзүлдү.
Кыргыз киносунун түптѳлүшүнѳн – кыргыз кино кереметине чейин баяндалып, чыгаан режиссерлор, актерлер, авторлору жана азыркы күндѳгү кыргыз кинематографиясындагы жетишкендиктери боюнча, музейдин бай коллекциялары аркылуу маалымат берилди.
Делегация ѳкүлдѳрү, соңунда агартуу ишине мүмкүнчүлүк түзгѳн мекемеге терең ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90