музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ, СПОРТ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ МИНИСТРИ АЛТЫНБЕК МАКСУТОВ ИСКУССТВО ЖАНА МААЛЫМАТ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОШКОН САЛЫМЫ ҮЧҮН БИР КАТАР ИНСАНДАРДЫ МИНИСТРЛИКТИН ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАРЫ МЕНЕН СЫЙЛАДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ, СПОРТ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ МИНИСТРИ АЛТЫНБЕК МАКСУТОВ ИСКУССТВО ЖАНА МААЛЫМАТ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОШКОН САЛЫМЫ ҮЧҮН БИР КАТАР ИНСАНДАРДЫ МИНИСТРЛИКТИН ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАРЫ МЕНЕН СЫЙЛАДЫ

Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республиканын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов искусство жана маалымат тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандарды министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлады.
Атасак, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жана Кыргыз радиосунун кабарчысы, алып баруучусу Улукман Атабеков, Бишкек шаарындагы № 90 толук эмес орто мектебинин Мамлекеттик тилди окутуу боюнча мүдүрүнүн орун басары Токтобүбү Бекеева, Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн Ак-Булак маданият үйүнүн мүдүрү Гулайым Эргешова сыйланды.
Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жыл” юбилейлик медалы менен Улуттук тарых музейдин директору Жылдыз Бакашова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Асанбеков, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмонов, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тилек Жумагазиев, “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун директору Султанбек Абдыракманов, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева, Кыргыз улуттук китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов, Талас облустук А. Токтогулов атындагы китепкананын директору Телегей Жаркыналиева сыйланышты.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90