музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  “АЛАЙ ШЫРДАМАЛЫ” ФЕСТИВАЛЫ

“АЛАЙ ШЫРДАМАЛЫ” ФЕСТИВАЛЫ

2024-жылдын 25-апрелинде КР Улуттук тарых музейинде “Алай шырдамалы” фестивалы өттү
Фестивалдын ачылышына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашимованын демилгеси менен уюштурулду.
Коноктор сунушталган буюмдар менен таанышып, андан ары каржылык колдоо көрсөтүү максатында салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, экологиялык продуктуларды өндүрүү, балчылык, жүн жана сүт азыктарын өндүрүү, мөмө-жемиш өстүрүү жана экотуризм боюнча чакан долбоорлордун презентацияларына катышты.
Фестиваль айыл жергесинде уз аялдар алектенген салттуу кол өнөрчүлүктү көрсөтүү аянтчасына айланат. “Алай ишкер коому” Ассоциациясынын уз аялдары өздөрү сүйүп чеберчилик менен жасаган өзгөчө кийиз шырдактарды борборго Ош облусунун Алай районунан алып келишти.
Фестивалдын уюштуруучулары иш-чаранын бир нече негизги максаттарын белгилешет. Биринчиден, бул буюмдарды өндүрүү процесси экологиялык жактан таза жана жашыл экономиканын стандарттарына жооп берүүгө салым кошо аларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Уз аялдар өздөрүнүн кол өнөрчүлүгү менен табигый килемдерди жасоонун ордуна, абаны булгап, өрттөөгө аргасыз болгон жүндү кайра иштетүү көйгөйүнө көңүл бурушат. Чебер кыз-келиндер айлана-чөйрөгө, жаратылышка зыяны жок чийки затты кайра иштетүү технологиясын өз кыздарына өткөрүп берип, муундан-муунга уланышын сактап калышат. Мындан тышкары, фестиваль “Алай шырдамалы” брендин кайра жандандыруу жана илгерилетүү үчүн мараага жол ачуучу жай болуп саналат жана уз аялдарга өз буюмдарын сатуу, альтернативдик киреше булагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Фестивалдын алкагында шырдак жасоо боюнча мастер-класстар, улуттук оймо-чиймелер жана орнаменттердин мааниси тууралуу лекциялар, ар бир буюмда кыргыз элинин каада-салты, жаратылышы тууралуу өз тарыхы айтылган.
Ошондой эле, Алай районунан алып келинген сүт азыктары жана балдын көргөзмө-сатуусу уюштурулду.
“Алай Шырдамалы” Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жана “CAMP Алатоо” коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90