музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН “УЛУТТУК КӨӨНӨРГҮС ДӨӨЛӨТТӨР” ФОТОДОКУМЕНТАЛДЫК ЖАНА ЭКСПОНАТТАРДАН ТҮЗҮЛГѲН КӨРГӨЗМӨСҮ БАКУ ШААРЫНЫН ГЕЙДАР АЛИЕВ БОРБОРУНДА АЧЫЛДЫ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН “УЛУТТУК КӨӨНӨРГҮС ДӨӨЛӨТТӨР” ФОТОДОКУМЕНТАЛДЫК ЖАНА ЭКСПОНАТТАРДАН ТҮЗҮЛГѲН КӨРГӨЗМӨСҮ БАКУ ШААРЫНЫН ГЕЙДАР АЛИЕВ БОРБОРУНДА АЧЫЛДЫ

Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарынын Гейдар Алиев борборунда Улуттук тарых музейинин “Улуттун кѳѳнѳргүс дѳѳлѳттѳрү” аталыштагы фотодокументалдык жана экспонаттардан түзүлгѳн кѳргѳзмѳсү ачылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрель күндөрү Азербайжан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын негизинде мындай масштабдуу иш-чара өтүүдө.
КР Президентинин иш-сапарынын жана Маданият күндөрүнүн алкагында, азербайжан интеллигенциясына жана маданий коомчулугуна көрсөтүлгөн Улуттук музейдин уникалдуу коллекциялары бир тууган элдин ачык суктануусун, кыргыз тарыхына болгон терең кызыгуусун жаратты.
Улуттук көөнөргүс дөөлөттөрдү эки өлкөнүн Маданият министрлери расмий көрүп чыгып, жогору баасын жана ыраазычылын билдиришти.
Байыркы жана бай коллекциялар топтому менен түзүлгөн музей көргөзмөсү, түрк дүйнөсүнүн жана эки элдин маданий кызматташтыгын жандандырууга, арттырууга түрткү берет.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90