музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЯКУТИЯ ЭЛДИК МУЗЫКА ЖАНА ФОЛЬКЛОР МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЯКУТИЯ ЭЛДИК МУЗЫКА ЖАНА ФОЛЬКЛОР МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ КЕЛДИ

Кыргызстанда атайын иш сапарда жүргѳн Якутиянын элдик музыка жана фольклор музейинин директору, “Кѳчмѳндѳр музейи” Эл аралык долбоорунун жетекчиси Корнилова Мария Ильинична ар тараптуу байланыштарды түзүү жана чыңдоо максатында тарых музейине келди.
Маданият тармагы боюнча кызматташууга келген мейманды, музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова кабыл алып, алдыдагы пландар, эки тараптуу долбоорлор, музейлер ортосундагы фонду, кѳргѳзмѳ иштери тууралуу сүйлѳшүү жүргүздү.
Расмий мекеменин директору, жолугушуудан кийин түз кабыл алууга жана жетишилген конкреттүү макулдашууларга ыраазычылыгын билдирип, Саха Республикасынын Эл артисти Александр Самсоновдун ыр китебин белекке тапшырды.
Улуттук музейдин эл аралык кѳргѳзмѳ, санариптик каттоого алуу, илимий симпозиумдарга баруусу, ж.б. мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышуусу музей ишин кеңири таанытып, маданий мамиле түзүүнү каалагандардын саны арбытууда.
Алардын бири, Якутия менен элдик музыка, фольклор, жана кѳчмѳндѳр маданияты багытында кызматташууну музей жандандырып, мамилесин бекемдѳѳнү улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90