АЗЕРБАЙЖАН РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ КҮНДѲРҮНҮН АЛКАГЫНДА, МУЗЕЙ ЖЕТЕКЧИСИ ИЛИМИЙ ФОРУМГА КАТЫШТЫ
Баку шаарынын Улуттук китепканасында өткөн кыргыз-азербайжан интеллигенциясынын улуттук нарк-дѳѳлѳттѳр, улуу инсандар, тарых, маданият жана илим чѳйрѳсүнүн кеңири спектрин камтыган форуму ѳттү.
Илимий форумда музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова “Гейдар Алиев, “Манас” жана Чынгыз Айтматов – улуттук баалуулуктун негизи” – деген темада сөз сүйлөдү.
Ѳзүнүн сѳзүндѳ, Ж.Бакашова Гейдар Алиевдин кыргыз-азербайжан достугуна өзгөчө көңүл бургандыгын, түрк дүйнѳсүнүн баалуулуктарын терең аңдаган, “Манас” эпосунун адамзаттын цивилизациясынын куну жок мурасы экендигине түпкүрдѳн абай салган салмактуу ордун ачып кѳрсѳткөндүгүн белгиледи.
Кыргыздар да ѳз кезегинде азербайжандардын “Коркут ата” “Кероглу” баштаган дастандары тарыхый, философиялык ѳзгѳчѳлүктѳрү, мазмундук жагынан кыргыз фольклору менен жалпылыктары бар экендигин айтып өттү.
Низами Гянджевинин “Семь красавиц” эмгеги кыргыз тилине которулгандыгы, “Гейдар Алиев 100 мгновенний” аттуу кыргыз коомунун кызыгуусун туудурган китебинин бет ачары ѳткѳрүлгѳндүгү тууралуу белгилеп өттү.
Улуу жазуучу жана ойчул философ, кѳрүнүктүү мамлекеттик ишмер, планетардык масштабдагы жазуучу Чынгыз Айтматовдун адабияттагы бараандуу орду, азербайжандан илимий-маданий коомчулугу менен чыгармачыл кызматташтыгы, өзгөчө Ч.Айтматовдун Азербайжандын акын-жазуучулары, илимпоздору жана мамлекеттик ишмерлери менен болгон чыгармачыл кызматташтык байланыштары, жекече адамдык мамилелери сөзгө арзыйт. Жазуучу боордош Азербайжан элинин Имран Гасымов, Анар, Бахтияр Вахабзаде, Наби Хазри, Шахмар Акбарзаде, Адиль Жамиль, Гусейинбала Мираламов сыяктуу көркөм сөз чеберлери, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлери менен достук мамиледе болгондугу тууралуу маалымат берди.
Азыркы тапта, Кыргызстандын башкы музейи менен эки элдин улуттук кѳѳнѳргүс дѳѳлѳттѳрүн, улуу инсандарын даңазалап, коомдук аң-сезимди бекемдѳѳ багытындагы иштер жигердүү улантып жаткандыгын жана уланаарын белгиледи.
Форумдун катышуучулары, ар тараптан талдоо жасалган, улуу инсандардын портретине баа берилген, улуттук мурастардын жана дастандардын тарыхый-идеологиялык ордуна саресеп салган, 30 жылдык тарыхый алакага тыкыр кѳз чаптырган жана алаканы арттырууну максат кылган мазмундуу баяндамага жылуу пикирлерин билдирди.