КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕⱧЕШИ КОМПЬЮТЕРЛЕРДИ ТАПШЫРДЫ
КР Жогорку Кеңешинин тѳрагасы Нурланбек Шакиевдин түз демилгеси менен маданияттын зор жүгүн аркалап келе жаткан тарых музейине 10 компьютер расмий тапшырылды.
Иш-чараны ачкан, музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова Кыргыз Парламентинин маданият тармагына, анын ичинде Улуттук музейге чоң кѳңүл бѳлүп жатышы, мамлекеттик иш сапардын алкагындагы маданий программага музейдин уникалдуу коллекцияларынын кѳргѳзмѳсүнүн киргизилиши жакшы жышаан, чоң маданий колдоо экендигин белгилеп ѳттү.
КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Эльмира Эшенкулова тарых музейинин жана эмгек жамаатынын үзүрлүү эмгегине ыраазычылыгын билдирип, коомдуу агартуу багытындагы ишине Жогорку Кеңештин атынан ийгилик каалады.
Соңунда компьютер техникалары расмий тапшырылып, эстелик сүрѳткѳ түшүү менен, жемиштүү кызматташуу ич-чарасы жыйынтыкталды.