музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШЭНЬСИ ПРОВИНЦИЯСЫНЫН ЭЛДИК ѲКМѲТҮНҮН ТѲРАГАСЫ ЧЖАО ГАН КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШЭНЬСИ ПРОВИНЦИЯСЫНЫН ЭЛДИК ѲКМѲТҮНҮН ТѲРАГАСЫ ЧЖАО ГАН КЕЛДИ

Кыргызстандын Башкы музейине, Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Чжао Ган жогорку расмий иш сапарынын алкагында саякат жасап, музейдин бай тарыхы жана мыкты коллекциялары менен таанышты.
Алгач Чжао Ган мырза жана элчи Ду Дэвэнь айымды музей директорунун орун басары Анаркүл Исиралиева тосуп алып, баяндамачы адис тарабынан Ала-Тоо аянты жана тарыхый эстеликтер боюнча маалымат берилди.
Байыркы доордон – бүгүнкү күнгѳ чейинки кыргыздардардын жана Кыргызстандын тарыхынын урунттуу учурлары, маанилүү окуялары жана мамлекеттик ишмерлердин эмгектери менен мамлекеттүүлүктүн этаптары тууралуу экскурсия меймандарга жүргүзүлдү.
Кыргыз тарыхындагы кыргыз-кытай элинин миң жылдарга созулган алакасын кѳрсѳткѳн жазма булактар, заттык табылгалар, дипломатиялык келишимдер боюнча сакталып калган архивдик маалыматтар делегация ѳкүлдѳрүнүн ѳзгѳчѳ кѳңүлүн бурду.
Кѳргѳзмѳнүн соңунда, эки элдин алакасын күчѳтүү максатында жүргѳн сый меймандар музей жетекчилигине жана жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90