музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “ИНКЛЮЗИВДИК МАДАНИЯТ” АТАЛЫШТАГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРДЫН СҮРѲТ КѲРГѲЗМѲСҮ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “ИНКЛЮЗИВДИК МАДАНИЯТ” АТАЛЫШТАГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРДЫН СҮРѲТ КѲРГѲЗМѲСҮ ѲТТҮ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңешинин жана бир канча Эл аралык уюмдардын колдоосу менен балдарды колдоо иш-чарасы тарых музейинде уюштурулду.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, ѳз таланттарын жана кыялдарын сүрѳт аркылуу чагылдырган балдарга жана уюштуруучуларга каалоо-тилектерин арнап, бул багытта жасалып жаткан иштер тууралуу сѳз сүйлѳдү.
КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова иш-чаранын жүрүшүндѳ, уюштуруучу ѳкүлдѳрү менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга музей тарабынан кѳрүлгѳн шарттар, акысыз жүргүзүлгѳн экскурсиялар, имараттын атайын залдарын берүү менен колдоо кѳрсѳтүлүп жаткандыгын жана алдыдагы аткарылуучу иштер тууралуу сүйлѳшүп, балдардын эмгектерин кѳрүп чыгышты.
Уюштуруучулар тобу, балдар арасындагы сынактарды уюштуруу, бул темада окуу-жайларда илимий-практикалык конференцияларды ѳткѳрүү, театрларга, музейлерге алып баруу пландары тургандыгын билдиришти.
Балдардын балалык кыял чабытын сыр боек менен кѳрсѳткѳн кѳргѳзмѳнү кѳрүү, эстелик сүрѳткѳ түшүү менен балдарга коомдун кѳңүлүн бурдурууга жана инсандык жактан ѳнүктүрүүгѳ багытталган иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90