музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МАЛАЙЗИЯНЫН ИСЛАМ ИСКУССТВОСУ МУЗЕЙ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА ОНЛАЙН ОТУРУМ ѲТКѲРҮДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МАЛАЙЗИЯНЫН ИСЛАМ ИСКУССТВОСУ МУЗЕЙ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА ОНЛАЙН ОТУРУМ ѲТКѲРҮДҮ

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова маданият тармагында жана музей чѳйрѳсүндѳ кызматташуу үчүн, Малайзиянын Куала-Лумпурдагы эң ири Ислам искусстосу музейинин жетекчилиги менен онлайн сүйлѳшүү ѳткѳрдү.
Музей жетекчиси, кыргыз тараптан приоритеттүү багыттар катары, маданий мурастарды жайылтуу, биргеликте кѳргѳзмѳлѳрдү ачуу, 3 D виртуалдык турларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу, реставрация иштери, гранттык изилдѳѳлѳрдү жүргүзүү, музейлерге жаңы технологияларды киргизүү жаатында кызматташуу сунуштарын айтып, меморандумдун долбоорун расмий жолдоду.
КР Улуттук тарых музейи Азия, Европа жана КМШ мамлекеттеринин музейлери менен активдүү иш алып барып жаткан Борбордук Азиядагы эң ири жана Кыргызстандагы Башкы музей экендигин билдирди.
Малайзиянын музей жетекчиси кызматташууга кызыкдар экендигин, сунуштарды колдоорун айтып, алгач Кыргызстанда кѳргѳзмѳ ачуу аркылуу маданий мамилеге жол салууга даярдыгын айтып ѳттү.
Азиянын алдыңкы музейи менен Улуттук мурастардын борбору болгон ислам цивилизациясынын жана кѳчмѳндѳрдүн кѳѳнѳ маданиятын жайылтуучу эки мекеменин Меморандумга кол коюушу, музей ишин ѳркүндѳтүүгѳ жана эл аралык мамилелерди тереңдетет.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90