музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН 79 ЖЫЛДЫГЫНА ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 25 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН 79 ЖЫЛДЫГЫНА ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 25 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

“Алар бейпил жашоо тартуулашты” аталыштагы согуштун жана чек ара кызматынын баатыр жоокерлеринин эрдигине арналган фотодокументалдык жана фондулук предметтерден түзүлгѳн кѳргѳзмѳнүн ачылышы тарых музейинде ѳттү.
Иш-чараны расмий ачкан жана алып барган Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова Осмон Лайлиев, Жаманкул Жээнчороев сындуу кыргыз жоокерлеринин жана Кыргызстандык жоокерлердин эрдиги ѳчпѳстүгү жана унулбастыгы, алардын ысымдары менен коом сыймыктаанары тууралуу сѳз сүйлѳдү.
Иш-чарага катышкан Республикалык Ардагерлер Кеңешинин тѳрагасы Токтогул Какчакеев, КР Чек ара кызматынын жетекчиси, полковник Раимбек Турдалиев, Кыргыз-Орус Славян университетинин ректорунун орун басары, Блокадачылардын тѳрагасы, аскер окуу жайынын курсанттары жана башка катышуучулар менен уюштуруучулар кезеги менен чыгаан инсандын тарыхтагы ордун жана эмгегин эскеришип, студенттер тарабынан ырлар окулду.
Андан соң, тарых музейи жана ѳнѳктѳштѳр менен биргеликте дардалып, согуштун каармандарынын эрдиги ырааттуу чагылдырган, мазмунду түзүлгѳн, тарбиялык мааниси терең кѳргѳзмѳ менен тааныштырылды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90