музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ИНДИЯ ЭЛЧИЛИГИНИН ЭКИНЧИ СЕКРЕТАРЫ МЕНЕН ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУНУ БЕКЕМДѲѲ ТУУРАЛУУ СҮЙЛѲШҮҮ ѲТКѲРДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ИНДИЯ ЭЛЧИЛИГИНИН ЭКИНЧИ СЕКРЕТАРЫ МЕНЕН ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУНУ БЕКЕМДѲѲ ТУУРАЛУУ СҮЙЛѲШҮҮ ѲТКѲРДҮ

Индия элчилигинин экинчи катчысы Гн Раджеш Кумир менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова жолугуп, сүйлѳшүлгѳн, пландалган маселелерди чечүү жана ишке ашыруу тууралуу акылдашты.
Индия маданиятынын жана диний таанымынын ыйык символу, ал эми кыргыз тарыхынын ажырагыс бир бѳлүгү саналган будда маданиятына таандык Кыргызстандан табылган эң чоң Будданын эстелигин узакка сактоо, коопсуздугуна кам кѳрүү багытындагы экинчи жолугушуу, иштиктүү маанайда ѳттү.
Алдыда, жакынкы аралыкта эки тарапты тең кызыктырган ушул жана башка иш-чараларды ыкчам иш жүзүнѳ ашыруу каралды.
Элчиликтин жогорку ѳкүлү, соңунда сүйлѳшүү диалогунан практикалык чечүү стадиясына ѳтүп жаткан иштер үчүн, музей жетекчилигине жана эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90