КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН КМШ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ЖАШ СПОРТЧУЛАРЫ КѲРҮП КЕТТИ
9-май “Улуу Жеңиштин” урматына карата ѳткѳрүлгѳн “Жеңиш кубогу” таймашынын катышуучулары, Кыргызстан, Казакстан, Ѳзбекстан, Россия, Белоруссия ѳлкѳлѳрүнүн келген жаш делегация тобу тарых музейине саякат жасады.
Байыркы доордогу Евразия чѳлкѳмүндѳгү тектеш маданияттар, Союздук Республикалардын 80 жылдык тарыхы, КМШ алкагындагы кызматташтыктар, Эгемендүү ѳлкѳлѳрдүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлүшү тууралуу, экскурсоводдордун айтуусунда кеңири маалымат берилди.
Кыргыз тарыхы, маданияты, меймандостугу жана эл аралык байланыштары тууралуу жакындан таанышкан спортчулар, соңунда жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдиришти.