музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮШТҮК КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АССАМБЛЕЯСЫНЫН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮШТҮК КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АССАМБЛЕЯСЫНЫН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Корея Парлементинин Мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук комитетинин тѳрагасы Ким Киенг жетектеген депутаттарынын турган делегациясы Улуттук тарых музейине саякат жасады.
Кыргызстанда расмий иш сапарда жүргѳн жогорку делегация тобун музей директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, биргеликте кѳргѳзмѳ менен таанышышты.
Кыргызстандын жана кыргыздардын байыркы тарыхы, кѳчмѳндѳрдүн турмушу, материалдык жана руханий баалуулуктары, алардын маданиятынын элементтеринин бүгүнкү күнгѳ чейин сакталып келе жатышы тууралуу меймандарды кызыктырган маалыматтар берилди.
Андан соң, делегация тобу музей директоруна символикалуу белегин тапшырып, жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90