КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИ “ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ” МЕНЕН ЭМГЕК ЖАМААТЫН КУТТУКТАДЫ
Музейдин администрациясынын жана профсоюз комитетинин уюштуруусу менен музей кызматкерлеринин кесиптик майрамы ѳткѳрүлдү.
Алгач мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова сѳз сүйлѳп, музей кызматкерлеринин жана Энелердин күнү майрамы менен куттуктап, үй-бүлѳдѳ жана эмгекте жетишкендиктерди каалады.
Музей институционалдык жана стратегиялык багытта ички жана эл аралык деңгээлдеги иштерди жана долбоорлорду ийгиликтүү алып барып, коомго татыктуу кызмат кылып жаткандыгын баса белгилеп ѳттү.
Профсоюз комитетинин тѳрайымы ѳз жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, калктын руханий ѳнүгүшүнѳ ѳлчѳѳсүз салым кошуп жаткандыгын белгилеп, жылуу каалоолорун жолдоду.
Иш-чара андан ары майрамдык маанайда Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.
Улуттук тарых музейинин жамааты, жалпы кесиптик майрамы менен кесиптештерин куттуктайт жана бардык музей мекемелерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.