КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЭНЕЛЕР КҮНҮНѲ КАРАТА “АЯЛ – ДҮЙНѲ ТИРЕГИ” АТАЛЫШТАГЫ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ.
Бишкек шаарынын Мэриясы жана “Кыргыз Республикасынын Аялдар комитети” коомдук бирикмеси тарых музейинде салтанаттуу иш-чара уюштуруп, мамлекеттик жана коомдук турмушта жигердүү иштеп келе жаткан жана эмгек сиңирген күчтүү аялзаттарына сыйлыктарын ыйгарышты.
“Кыргыз Республикасынын Аялдар комитетинин” атайын медалы менен коомго, билимге, маданиятка кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор жана окумуштуу Жылдыз Бакашова дагы сыйланды.
Атайын сѳз алган музей директору, ааламдын түркүгү болгон аялзатынын орду тууралуу: КР Президенти тарабынан институционалдык деңгээлде дагы, стратегиялык деңгээлде дагы, гендердик тең укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук конкреттүү жана натыйжалуу чаралар кабыл алынып жаткандыгын белгилеп ѳттү.
Биз бири-бирибиз ардактап, сыйлашыбыз үчүн сѳзсүз түрдѳ китептерден же ар башка заман тарыхынан “сыр” издешибиз кажет эмес. Ѳзгѳчѳ адамзаттын келечеги үчүн тарткан запкыларына кайыл болуп жашаган аялзатынын ардактуу экендигин аңдоо үчүн сѳзсүз тарыхый булактардан негиз издѳѳнүн деле зарылчылыгы жок. Акылы соо ар бир киши эненин, аялзатынын улуулугун байкабай калуусу мүмкүн эмес.
“Аял – үйдүн куту”, “Аял жакшы – эр жакшы”, “Аял жакшысын эри сүйѳт, эр жакшысын эли сүйѳт”, “Кыздын кырк чачы улуу” деген макалдардын жаралуусу да кыргыз маданиятында аялзатынын ордунун зор экендигин айгинелейт – деп белгиледи.
Жылдыз Бакашова аялзатына, энелерге кайрылып, уулдарыбызды чыныгы мырзалык касиетке, кыздарыбызды ѳз укугун сактап, сыйлаган, бийик жана билимдүү болгонго тарбиялайлы деп чакырып, биз ѳзүбүз ѳзгѳрсѳк анан биздин укум тукумубуз ѳзгѳрѳт, мамлекетибиз гүлдѳп, ѳнүгѳт – деген терең ой камтылган логикада сѳзүн жыйынтыктады.
Энелердин күнүнѳ арналган иш-чаранын эркин бѳлүгү кол ѳнѳрчүлѳрдүн эмгектерин жарнамалоо жана концерттик программа менен коштолуп, ыр-күүлѳр аткарылып, салтанат ийгиликтүү жыйынтыкталды.