музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ САУД АРАБИЯ КОРОЛДУГУНУН ЭСЕПТѲѲ ПАЛАТАСЫНЫН ТѲРАГАСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ САУД АРАБИЯ КОРОЛДУГУНУН ЭСЕПТѲѲ ПАЛАТАСЫНЫН ТѲРАГАСЫ КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын тѳрагасы Алмазбек Акматов, Кыргызстанда расмий иш-сапарда жүргѳн мейманы Сауд Арабия Королдугунун Башкы аудитордук соту Хуссам Аль-Ангари жана Кыргыз Республикасындагы Сауд Арабия Королдугунун элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради мырзалар баш болгон делегация курамы менен тарых музейине зыярат кылышты.
Башкы музейге келген расмий делегацияны мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, музей, маданият жаатындагы араб элчилиги менен жүргүзүлүп жаткан ийгиликтүү иштер жѳнүндѳ пикир алышып, илимий кызматкер тарабынан экскурсия жүргүзүлдү.
Меймандар кыргыз-түрк-мусулман дүйнѳсүнүн миң жылдап жуурулушкан маданияты, ишенимдери, тарыхый алакалары тууралуу кызыгуу менен угушту.
Байыркы кѳчмѳн кыргыздардын руханий сыймыгы “Манас” эпосунан – мамлекеттик атрибуттарына жана ислам цивилизациясынын рухий баалуулугу – куран китептери, мѳѳрлѳр, архитектуралык курулуштарга чейин маалымат алышты.
Соңунда, Пикир калтыруу китебине изги каалоо-тилегин жазып, музейге ыраазычылыгын билдирип, тараптар символикалуу белектерин тапшырышып, эстелик сүрѳткѳ түшүү менен узашты.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90