КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК КЕⱧЕШИНИН ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРИ ЛЮ ГОЧЖУН КЕЛДИ
Кыргызстандагы жогорку иш сапарынын алкагында, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Лю Гочжун баштаган делегация тобун жетектеп келген КР Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень айым тарых музейине саякат жасады.
Жогорку мейманды, мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, биргеликте музейдин туруктуу кѳргѳзмѳсү менен таанышып чыгышты.
Улуу Жибек жолунан – “Бир алкак – бир жол” долбооруна чейинки тарыхый байланышынын түпкү тамырынан, бүгүнкү күнгѳ чейин уланып келе жаткан саясий-маданий алакалардын урунттуу жана актуалдуу темалары тууралуу кызыктуу экскурсия жүргүзүлдү.
Соңунда, Кыргызстандын жүзү саналган Улуттук музейдин уникалдуу коллекцияларына суктанган жана жогорку баа берген меймандар, мекеменин ишине ийгилик каалап кетишти.