КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ИНДИЯ ЭЛЧИЛИГИ МЕНЕН КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ
КР Улуттук тарых музейинин туруктуу экспозициясында сакталып жана кѳргѳзмѳдѳ турган Будданын скульпурасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана аны сактоо боюнча тиешелүү жасалганы жасоо тууралуу Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Арун Кумар Чаттержи жана КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова менен Келишимге кол коюу аземи болуп ѳттү.
Индия тарап макулдашууга ылайык, Будданын айкелин калыбына келтирүү жана тийиштүү деңгээлде сактоо боюнча каржылык колдоо кѳрсѳтүү милдетин алышты.
Эскерте кетчү нерсе, Чүй ѳрѳѳнүнүн Кызыл-Суу шаарчасынан КР Улуттук тарых музейинин жана Эрмитаждын археологдору биргеликте жүргүзүлгѳн экспедициясы тарабынан жаңы будда храмынан отурган позадагы Будданын уникалдуу скульптурасы табылган.
Эрмитаждын реставраторлору тарабынан реконструкцияланган VIII-XII кылымга таандык экспозициядагы эстелик, музейдин мыкты коллекциясынын бири болуп саналат.
Адамзаттын жана улуттун мурасына айланган эстеликти узакка сактоо боюнча келишим, музейдин активдүү кызматташуусунун натыйжалуу жетишкендиги болуп калды.