КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ МОСКВАДА ЭЛ АРАЛЫК “ИНТЕРМУЗЕЙ” ФОРУМУНА КАТЫШУУДА
Музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова Москавда ѳтүп жаткан эл аралык форумдун алкагында, “Государственный эрмитаж” Федералдык Мамлекеттик бюджеттик маданий мекемесинин Башкы директору М.Б. Пиотровский менен жолукту.
Анда тараптар музейлердин паритеттүү негиздеги байланыштарын илгерилетүү жана Бишкек шаарында Мамлекеттик Эрмитаждын “Незримое искусство. Расширяя границы возможного” аталышындагы уникалдуу кѳргѳзмѳ долбоорун уюштуруу маселесин талкуулашты.
КР УТМнын директору Жылдыз Бакашова сүйлѳшүүдѳ аталган багыт абдан актуалдуу жана маанилүү экендигин жана музей ѳз тарабынан иштешүүгѳ ѳзгѳчѳ кызыкдарлыгын белгиледи.
Михаил Пиотровский маданият жана искусство алкагындагы кызматташуунун аркасында, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын артмейкиндигинин жалпылыгы калыптанып, Эрмитаждын бул кѳргѳзмѳ долбоору эл аралык музейлер арасындагы мейкиндикте инклюзитивдик теманы ѳнүктүрүүгѳ мүмкүндүк түзүп жана маданият чѳйрѳсүндѳгү кыргыз-орус диологун жѳнгѳ саларына токтолду.
КР Улуттук тарых музейи жылдын башында кѳрүүсү жана угуусу начарлардын республикалык уюмдары менен менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн универсалдуу дизайн, атайын кѳрүп-угууга алгылыктуу жана ыңгайлуу чѳйрѳ түзүү сунушу каралган жол картасын иштеп чыгуу, андан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго жандуу аралаштыруу жана музейлерди эркин кѳрүү шартын түзүү боюнча, тарых музейи эксперттер менен биргеликте музей кызматкерлерине инклюзивдик музейдин концепциясы темасында семинар ѳткѳрүүнү пландап жатканы билдирилди.
Кыргызстандын Башкы музейи үчүн кѳрүүчүлѳрүнүн кеңири катмарын тейлѳѳ мүмкүндүгүн кеңейткен Эл аралык форум ийгиликтүү жана жемиштүү жүрүүдѳ.