музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙ ѲЛКѲСҮНҮН СИАНЬ ШААРЫНДА ѲТКѲН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМГА КАТЫШЫП КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙ ѲЛКѲСҮНҮН СИАНЬ ШААРЫНДА ѲТКѲН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМГА КАТЫШЫП КЕЛДИ

Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында ѳткѳн “Цинь жана Хань цивилизациялары” аталыштагы Эл аралык форум АКШ, Австралия, Австрия, Германия, Франция, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Ѳзбекстан сындуу дүйнѳнүн ар тарабынан келген музей адистеринин катышуусунда ѳттү.
Форумга кыргыз тараптан КР Улуттук тарых музейинин Фонддорду эсепке алуу бѳлүмүнүн башчысы Гүлназ Аскарова жана Фонду бѳлүмүнүн улук илимий кызматкери Аида Омурзакова катышты.
“Цинь жана Хань династиясынын (б.з.ч. 221 – 220-жж.) мезгилиндеги системанын ѳнүгүүсү” форумунун алкагында, Улуу Жибек жолунун цивилизациясы, ролу жана келечеги тууралуу адистер, окумуштуулар үчүн илимий сессия ѳткѳрүлдү.
Атайын сессияда музей адиси Гүлназ Аскарова “Улуу Жибек жолу цивилизациялардын кесилишинде” темасында, кербен жолдордун кесилишинде орун алган Кыргызстандагы тарыхый-архитектуралык эстеликтер, шаарлар жана ошол доордогу уникалдуу музей предметтери тууралуу трибунада илимий доклад жасады.
Форумдун катышуучулары менен бирге маданий программанын алкагында, “Музейдеги түн” акциясын ѳткѳрүү ѳзгѳчѳлүктѳрү менен таанышып, Шэньси тарыхый музейине, Хань Цзинди музейине, Цинь-Хань музейине саякат жасап, музей иши боюнча практикалык маалымат топтошту.
Эл аралык багытта активдүү жүрүп жаткан кызматташтыктын аркасында, музей адистери Кыргызстандын бай тарыхын жана музейдин таберикке айланган мурастарын таанытып, теориялык жана усулдук билимдерин кеңейтүүдѳ.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90