КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Балдардын майрамына арналган иш-чара, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн уюштуруусу жана КР Улуттук тарых музейинин, “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун жана башка активдүү уюмдардын колдоосу менен жогорку деңгээлде уюштурулуп ѳткѳрүлдү.
Программада даректүү тасмалар кѳрсѳтүлүп, фильмдин ѳзѳгү тууралуу суроолор коюлуп, ѳспүрүмдѳрдү ойлондурган темалар талкууланды.
Анын негизги идеясы саналган, маалымат жана билим берүү боюнча атайын платформада балдар менен ачык диалог жүргүзүү иши максатына жетти.
Салтанаттуу иш-чарага КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Асел Чыныбаева, КР ЖК депутаты Жылдыз Садырбаева, КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова, КР Омбудсменинин орун басары Жаныбек Жоробаев, Бишкек шарынын Вице-мэри Виктория Мозгачевалар катышты.
Сѳз сүйлѳгѳн КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү А. Чыныбаева жана башка жетекчилер, балдардын келечегине ийгилик каалап, келечектүү кесиптин ээлери болушуна тилектештигин билдирип, куттуктоолорун жолдошту.
Соңунда, балдар үчүн түзүлгѳн “Мен жана менин Кыргызстаным” мезгилдүү фотокѳргѳзмѳсү кѳрсѳтүлүп, тарых музейинин уникалдуу экспозициясына экскурсия уюштурулуп, иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.