музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ 7 МАМЛЕКЕТТИН КАТЫШУУСУНДА ТЕАТР МЕНЕДЖЕРЛЕРИНИН ВАКТАНГОВ ФЕСТИВАЛЫ ѲТҮП ЖАТАТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ 7 МАМЛЕКЕТТИН КАТЫШУУСУНДА ТЕАТР МЕНЕДЖЕРЛЕРИНИН ВАКТАНГОВ ФЕСТИВАЛЫ ѲТҮП ЖАТАТ

Тарых музейинде уюштурулуп жаткан фестивалдын расмий ачылышына, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Евгений Вахтангов атындагы мамлекеттик академиялык театрдын директору Кирилл Крок жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси Жылдыз Бакашова ж.б. мамлекеттик кызматкерлер, окуу жайлардын жетекчилери, чыгармачыл коомчулук катышты.
Расмий сѳз сүйлѳгѳн министр жана жетекчилер, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Россия, Беларусия мамлекеттеринин театр ишмерлеринин, театр жана маданият чѳйрѳсүндѳгү маанилүү багыт болгон менеджменттик кесип боюнча чеберчиликти арттырууга арналган, жетишкендиктери жана тажрыйбалары менен бѳлүшкѳн фестивалынын орду чоң экендигин баса белгилешти.
КР Улуттук тарых музейинде ѳтүп жаткан тѳрт күнгѳ созулган фестивалда, КМШнын театр кызматкерлери башкаруу, каржылык, пландоо ж.б. ар кыл темада окуу-усулдук таанымдарын кеңейтишет.
Музей ѳз тарабынан коомду агартуучу коомдук-маданий жана мамлекеттик иш-чаралардын аянтчасы катары кызматын ийгиликтүү улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90