музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИСЛАМ ѲНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИСЛАМ ѲНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛДИ

Ислам ѳнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер Кыргыз Республикасындагы атайын визитинин алкагында, тарых музейине зыярат кылды.
Маданий программанын алкагында саякатка келген Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер мырза баштаган жогорку делегацияны, мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, кыргыз тарыхы жана маданияты менен биргеликте таанышып чыгышты.
Кыргызстандын эзелки мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы, Кыргыз каганатынын ролу, ислам цивилизациясынын жана араб маданиятынын аймактагы таралуусу, кѳчмѳн элдин этнографиялык колдонмо жасалгалары ж.б. тарыхый мурастары тууралуу кызыктуу баяндама жүргүзүлдү.
Эки элдин руханий-диний жана кѳчмѳн жашоо турмушунун жакындыгы, тарыхый саясий-коомдук алака катнашынын терең тамыры бар экендиги боюнча ѳзгѳчѳ кѳңүл бѳлүү менен укту.
Соңунда, эстелик сүрѳткѳ түшүп, ѳлкѳнүн маданий казынасы саналган мекеменин ишине ийгилик каалап кетти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90