музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕРИНИН КѲРКѲМ СҮРѲТ ИСКУССТВОСУНУН АЛДЫⱧКЫ ѲКҮЛДѲРҮ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕРИНИН КѲРКѲМ СҮРѲТ ИСКУССТВОСУНУН АЛДЫⱧКЫ ѲКҮЛДѲРҮ КЕЛДИ

Кыргыз Республикасында ѳтүп жаткан “Түрк дүйнѳсүнүн аялдарынын ааламы” аттуу эл аралык кѳргѳзмѳ иш-чарасынын катышуучу аялзатынын делегациясы, тарых музейине саякатка келишти.
Аялзатынын сүрѳт чыгармачылыгын жана кол эмгегин даңазалаган кѳргѳзмѳнүн ѳкүлдѳрүн Музей директору, профессор Жылдыз Бакашова ѳзү тосуп алып, эркин маектешип, чыгармачыл сапарына ийгилик каалап ѳттү.
Андан соң, Түрксой эл аралык уюмунун курамындагы Азербайжан, Казакстан, Түркмѳнстан, Түркия жана Ѳзбекстан мамлекеттеринин ѳкүлдѳрү Наргиз Гулиева, Лейла Махат, Гулназым Омирзак, Хадижа Амансахедова, Айнагозель Нурыева, Халима Туркйылмаз, Шахноз Абдуллаева, Сарвиноз Касымова жана Камуран Кардаш, экспозициядагы кыргыз элинин басып ѳткѳн тарыхый жолу, асыл табылгалары менен таанышып, бай маалымат алышты.
Делегаттарга, кыргыз коомундагы аялдардын орду, эпикалык каармандар, тарыхый күчтүү аял персонаждардын эрдиктери, кѳчмѳндѳр демократиясы жана отурукташкан элдердин эстеликтери менен эстетикалык баалуулуктары тууралуу илимий кызматкерлер ырааттуу баяндама жүргүздү.
Түрк дүйнѳсүнүн активдүү аялзаттары, экскурсия соңунда жылуу кабыл алган музей жетекчисине жана улуттун кѳѳнѳргүс дѳѳлѳттѳрүн жайылтып келе жаткан мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90