музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР ѲТКѲРҮЛДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР ѲТКѲРҮЛДҮ

КР Улуттук тарых музейинин жана ПРООНдун кызматташтыгынын алкагында, ар түрдүү категориядагы кѳрүүчүлѳрдү социалдаштыруунун аспектилери боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Алгач сѳз алган музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова музей алдыңкы агартуу мекемеси катарында чоң иштерди жасоо менен катар, инклюзация жаатында да активдүү кадамдар башталып, концепция, жол картасы, кѳргѳзмѳ ачуу, долбоорлор боюнча маанилүү иштер пландалып жана жасалып жаткандыгын белгиледи.
ПРООНдун лабораториясынын жетекчиси Виктория Петрова, инвалиддүүлүк боюнча аналитиги Рахат Орозовалар буга чейин музей директору менен ѳкмѳттүк деңгээлде иштешип келгендигин, мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын кѳргѳзмѳсүн уюштурууга кѳрсѳткѳн кѳмѳгү ж.б. бүгүнкүдѳй кызматташтык үчүн ыраазычылыгын билдиришип, музейлердеги инклюзивдик билим берүү ар түрдүү топторду коомго кошуу менен, тейлѳѳ сапатын жакшыртууга ѳбѳлгѳ болооруна сѳздѳрүндѳ токтолушту.
Кѳрүү-угуу жана менталдык ден-соолугу боюнча келген кѳрүүчүлѳргѳ жасалган мамиленин минималдуу жана кадимки чендери (коштоо, жандоо, белги берүү, алып жүрүү, түшүндүрүү, ж.б.) боюнча Москванын Жогорку экономикалык мектебинин адистери Никита Большаков жана Мария Щехочкиналар кызыктуу баяндамаларын жасады.
Музейдин кѳрүүчүлѳрдү кабыл алып иштеген жана аларга ыңгайлуу маалымат контенттин даярдаган ж.б. музейдин тийиштүү бѳлүмүнүн кызматкерлери, инклюзивдик билим боюнча теориялык жана практикалык семинарды жандуу талкуулап, суроо-сунуштарын берип ѳткѳрүштү.
Долбоордон кызматкерлер укуктук-ченемдик документтер базасы, эл аралык практикадагы ыкмалар, тейлѳѳ этикеттери, ж.б. керектүү кѳптѳгѳн пайдалуу маалыматтарды үйрѳнүштү.
Музей ѳзү жана ѳнѳктѳштѳрү менен биргеликте, коомдун бардык катмары үчүн ыңгайлуу угуу, кѳрүү, алып жүрүү ж.б. шарттарды түзүү үстүндѳ иштѳѳнү улантуучу иш-чарасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90