КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кытай Эл Республикасынын Адам ресурсу жана социалдык камсыздандыруу министринин орун басары Юй Цзядун жетектеген жана Адам ресурстарын башкаруу департаментинин директору Чжан Вэньмяо баштаган делегация курамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен кызматташуунун алкагында тарых музейине саякат жасады.
Атайын ѳтүнүп келген расмий делегация ѳкүлдѳрүнѳ, музейдин тарыхы, анын уникалдуу коллекциялары, негизги саясий-коомдук турмушу жана маданий мурастары тууралуу баяндама жүргүзүлдү.
Кѳргѳзмѳнүн соңунда, меймандар маданий программага уруксаат берген музей жетекчилигине жана жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдирди.