КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ “GERMAN FILMS” МААЛЫМАТ ЖАНА КЕⱧЕШ БЕРҮҮ БОРБОРУНУН ДИРЕКТОРУ КЕЛДИ
Эл аралык кинофестивалдын алкагында Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын директору Аида Үсѳнова, кесиптеши Дүйнѳ жүзү боюнча немис кинолорун жайылтуучу улуттук “German Films” маалымат жана кеңеш берүү борборунун директору Симоне Бауман айым бирге келип, кыргыз тарыхы менен таанышышты.
Кыргызстандын Башкы музейине атайын келип, кыргыз элинин басып ѳткѳн жолу, байыркы маданияты, салттуу турмушу жана кинематографиядагы жетишкендиктери тууралуу угуп-кѳрүштү.
Ѳзгѳчѳ, кыргыздардын генеалогиялык бѳлүнүшү, анын улуттук саламаттыгына, адеп-ахлагына, илим-билимине тийгизген таасири тууралуу кызуу талкуулоо менен угушту.
Соңунда, руханий-эстетикалык программага уруксаат берген музей жетекчилигине жана баяндуу экскурсия жүргүзгѳн илимий кызматкерге ыраазычылыгын билдиришти.