музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН КѲРҮҮГѲ ИНДИЯ ѲЛКѲСҮНҮН ТУРИСТТЕРИ КЕЛДИ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН КѲРҮҮГѲ ИНДИЯ ѲЛКѲСҮНҮН ТУРИСТТЕРИ КЕЛДИ

Кыргызстандын ажайып жерлери, маданий объектилери жана тарыхый жайлары менен таанышып, ѳлкѳнүн бай тарыхы тууралуу жалпы маалымат алууну каалаган индиялык эс алуучулар Улуттук тарых музейине келип, байыркы доордон – азыркы мезгилге чейинки тарыхыбыздын урунттуу учурлары менен жакындан таанышып чыгышты.
Баяндамачы, аларга Кыргызстан маданияттардын борбору болгондугун эзелки эски реликвияларга салыштыруу аркылуу, кеңири түшүндүрүп берди.
Теңирчилик-индуизм-ислам диндеринин ыйык сыйынуучу табылгаларынын баалуулугуна, Махабхарата менен Рамаянадан бир канча эсеге кѳлѳмдүү болгон жана ооздон-оозго оозеки мурасталып келген “Манас” эпосунун эбегейсиз ролуна, ж.б. маалыматтарга кызыгуулары жаралды.
Соңунда, ѳлкѳнүн негизги маданий очогу – казынасы болгон музейдин ишине ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90