музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БУУНУН БҮТКҮЛ ДҮЙНѲЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУНУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ѲКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН “КЫРГЫЗСТАНДА ЭМДѲѲГѲ 30 ЖЫЛ” АТТУУ ИШ-ЧАРАСЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БУУНУН БҮТКҮЛ ДҮЙНѲЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУНУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ѲКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН “КЫРГЫЗСТАНДА ЭМДѲѲГѲ 30 ЖЫЛ” АТТУУ ИШ-ЧАРАСЫ ѲТТҮ

ДСУнун Кыргыз Республикасындагы кеңсеси, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте, КР улуттук вакцинациялоонун программасынын 30 жылдык мааракесине карата конференциясын тарых музейинин чоң жыйындар залында ѳткѳрдү.
Иш-чарага медицина сферасынын ѳлкѳ боюнча кызматкерлери, эл аралык коомдоштуктун донор ѳкүлдѳрү, алыскы жана жакынкы чет ѳлкѳдѳн келген коноктор жана вакцинация боюнча ѳнѳктѳштѳрү катышты.
Салтанаттуу майрамдык мүнѳздѳгү республикалык иш-чарада жасалган олуттуу иштер, учурдагы жана келечектеги пландар жана маселелер талкууланып, саламаттыкка салым кошуп келе жаткан ак халатчандарга ыраазычылыктар айтылды.
Меймандарына эмдѳѳнүн 30 жылдык үзүрлүү тарыхына арналган фотодокументалдык кѳргѳзмѳсү, конференциянын жүрүшүндѳ кѳрсѳтүлдү.
КР Улуттук тарых музейинде ѳткѳн, улуттун саламаттыгына арналган иш-чарасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90