музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БОРБОРДУК АЗИЯНЫН МОТОЦИКЛИСТЕР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БОРБОРДУК АЗИЯНЫН МОТОЦИКЛИСТЕР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Кыргызстан мотоциклистер коомунун 10 жылдыгынын алкагында ѳтүп жаткан Байкфестивалдын жана жүрүштүн катышуучулары болгон Кыргызстан, Казакстан, Ѳзбекстан, Тажикстан жана Россия мамлекеттеринин мотоциклистеринин делегациясы, тарых музейине саякат жасады.
Туристтик багыттагы мотомаданиятын популярдаштырып жүргѳн меймандарга, кѳп улуттуу кыргыз элинин бай маданиятын чагылдырган кайталангыс коллекциялары, ѳлкѳлѳрдүн кеңири аймагын камтыган орток маданияттар жана жалпы тарыхыбызга айланган унутулгус окуялар тууралуу илимий кызматкерлер ырааттуу маалымат берди.
Сергек жашоо, маданий алака жана туристтик маршруттун ѳнүгүшүнѳ салым кошуп жүргѳн меймандар, соңунда ар доордогу экспонаттарга, чѳлкѳмдүн тектеш маданиятына бай мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90