музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА II ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА II ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчѳсү Бакашова Жылдыз Кемеловна Санкт-Петербург шаарында 2024-жылдын 30-июнунан – 2-июлуна чейин уланган “Бүткүл дүйнѳлүк эне тилдердин казынасы: сактоо жана сыйлоо. Түпкүлүктүү элдердин тилдерин сактоонун контексти, тажрыйбасы жана саясаты” деп аталган жогорку деңгээлдеги II Эл аралык конференцияга катышты.
Конференция ишинин алдыдагы натыйжасында, келечекте эл аралык деңгээлде кѳп тилдүүлүктү сактоо, жайылтуу менен ѳнүктүрүүнү жана тил чѳйрѳсүндѳгү суроолорду жѳнгѳ салуу жана ишке ашырууну эл аралык күн тартибине чыгаруу мүмкүнчүлүктѳрү боюнча кызматташууну камсыз кылат.
Конференцияга, дүйнѳнүн ар түрдүү географиялык аймагынын атынан (Бразилия, Индия, Индонезия, Камерун, Кытай, Мексика, ЮАР ж.б. Африка, Латын Америка жана Евразия КМШны менен бирге), 40тан ашуун ѳлкѳнүн 150гѳ жакын маданият, билим берүү, социалдык жана гуманитардык илимдер, коммуникация жана маалымат чѳйрѳсүнүн кѳрүнүктүү адистери, музейлер менен архивдердин жетекчилери, ѳкмѳттѳр аралык, эл аралык, аймактык жана улуттук ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдук уюмдардын жана жеке секторлордун ѳкүлдѳрү катышты.
Кыргызстандын атынан Жылдыз Бакашова “Кыргызстанда маданий жана тилдик кѳп түрдүүлүктү сактоонун маселелери жана тенденциялары” деген темада доклад жасады. Ал ѳз докладына, Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын маданияты менен тилдеринин кесилишкен жери. Азыркы күндѳ Республикада 80ден ашуун улуттун ѳкүлдѳрү жашайт. Ѳлкѳдѳгү эң маанилүү прогресстердин бири тилдик гармониялуу коомдоштуктун жашап жатышы болуп саналат. Кыргызстандын элинин эне тилдери ѳз алып жүрүүчүлѳрү үчүн гана эмес, бир туугандык ѳз ара түшүнүүнүн, тең укуктуу мүмкүнчүлүктѳрдүн түгѳнгүс куюлушкан булагы деп белгиледи.
Эл аралык конференция, кѳптѳгѳн маданияттарды сактап жана даңазалап келе жаткан Улуттук музейдин жүзүн таанытуу менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90