музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ЭРМИТАЖ МУЗЕЙИНИН ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН СҮЙЛѲШҮҮ ЖҮРГҮЗДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ЭРМИТАЖ МУЗЕЙИНИН ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН СҮЙЛѲШҮҮ ЖҮРГҮЗДҮ

Музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова Санкт-Петербург шаарында ѳтүп жаткан Эл аралык II конференциянын алкагында, “Мамлекеттик Эрмитаж” Федералдык мамлекеттик бюджеттик маданий мекемесинин долбоорунун жетекчиси Игорь Малкиел менен атайын жолугуп, Бишкек шаарында инклюзивдик кѳргѳзмѳ ачуу тууралуу сүйлѳштү.
Музейлер арасындагы илимий-маданий байланышынын кеңири спектринин актуалдуу бир багыты саналган – коомдун менталдык ден-соолугу боюнча келген кѳрүүчүлѳргѳ багытталган темада кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгү жолугушууда кеңири талкууланды.
Долбоордун аткаруучу ѳкүлдѳрү, музей жетекчиси Жылдыз Бакашовага ѳзгѳчѳ мүмкүнчүлүктѳгү кѳрүүчүлѳр таанып билүүчү инклюзивдик кѳргѳзмѳнүн экспонаттары жѳнүндѳ түшүндүрүп жана кѳрсѳтүп беришти.
Маданий чѳйрѳдѳ, жаңылык катары саналган жаңы инклюзивдик долбоорду ыкчам киргизүү сүйлѳшүүсү, тараптардын макулдугу менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90