КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ БОЮНЧА ѲТКѲН ФОРУМДА ДОКЛАД ЖАСАДЫ
КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова KCRMS долбоорунун алкагында ѳтүп жаткан Форумда маданий мурастарды сактоо боюнча докладын окуду.
Жылдыз Бакашова: “КР Улуттук тарых музейи, биздин элдин жандуу тарыхын азыркы күн менен байланыштырган коомдуу агартуучу жана эргүү берүүчү борбору катары Кыргызстандын маданий ресурстарын башкаруу системасынын аткаруучуларынын бири болгондугу менен сыймыктанат.
Музей 2022-жылдан KCRMSди киргизүүнү, Корея Республикасынын Азия маданиятынын борбору менен ѳнѳктѳштүктѳ ишке ашырып келет.
Бул жылдар аралыгында KCRMS ORG маданий ресурстарды башкаруу системасынын веб-сайтын иштеп чыгуу жана жайгаштыруу боюнча чоң жумуштар аткарылды. Ал эми 2023-жылы маданий ресурстарды башкаруу системасынын мобилдик версиясы иштелди. 2024-жылы системанын жаңы иштелип чыккан интернеттеги веб-сайтынын жаңыртылган дизайндагы, ылдамдыгы күчтѳндүрүлгѳн жана жаңы функциядагы мобилдик версиясы жарыяланды.
Кыргызстандын Маданий ресурстарын башкаруу системасынын контентин толуктоо үчүн, КР Улуттук тарых музейинде Кореядан келген 6 компьютер жана жабдуулардан турган эң сапаттуу фототартуу жүргүзүүчү санариптик архив жана фотостудия бѳлмѳсү уюштурулду.
Музей кызматкерлери үчүн маалымат топтомдорун системага киргизүү боюнча окутуу курстары ѳткѳрүлүүдѳ. 2024-жылдан тарта, маданий ресурстарын башкаруу системасына киргизүү аркылуу музей предметтерин тарыхын чагылдыруучу анимациялык фильмдерди жаратуу жана маалымат киоскаларын орнотуу башталууда.
Кореянын долбоорунун ѳнѳктѳштѳрү менен ар бир жолугушуу, республиканын музейлеринин жаңы жетишкендиктерди багындыруусуна дем берип жана жаңы ѳнүгүү мүмкүнчүлүктѳрүнѳ жол ачууда.
Кореялык ѳнѳктѳштѳр, ар бир иш-чарада биздин музейлерге жаңы жабдууларды алып келип берүүдѳ, веб-сайттардын жакшыртууда, окуу тренингдерин ѳткѳрүүдѳ. Алар бул жолу да музейге абдан ачык жарыктандырган проекторду жана дүйнѳдѳгү эң бир мыкты делген 1 метрлик диагоналдагы сенсордук дисплеейди (телефизордук панелди) кубаттуулугу күчтүү компътери менен бирге тапшырып отурат” деп, ѳз сѳзүндѳ токтолду.
Музей директору, о.э. азыркы учурдагы чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктѳргѳ карата маданий ресурстарын башкаруунун маанилүү аспектилерин талкуулоого мүмкүндүк берген Форумга, музей чын ыкласынан катышып келүүдѳ деп белгиледи.
Ал докладынын соңунда, ѳз ара биримдиктүү күч аракеттин натыйжасында гана кѳрүнѳѳрлүк жыйынтыкка жетише алабыз деп, ѳнѳктѳштѳргѳ жана катышуучуларга кайрылып ѳттү.
КР Улуттук тарых музейинин атынан музейдин Башкы сактоочусу Нурхат Иманкулова дагы катышып, дорбоордун маанилүүлүгү тууралуу сѳз сүйлѳдү.