музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БУДДА ЭСТЕЛИГИН АЧУУ ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БУДДА ЭСТЕЛИГИН АЧУУ ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ѲТТҮ

КР Улуттук тарых музейинин “Улуу Жибек жолундагы Кыргызстандын диний эстеликтери” туруктуу экспозициясы бѳлүмүндѳ, VIII кылымга таандык отурган позадагы Будданын айкелин кѳрүүчүлѳргѳ салтанаттуу ачуу иш-чарасы болуп ѳттү.
КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашованын жетекчилиги жана Индия Республикасынын Элчилигинин каржылык колдоосунун негизинде түзүлгѳн Келишимдин аркасында, Орто Азиядагы кѳрүнүктүү Будданын айкелин кайрадан сапаттуу витринада кѳргѳзмѳгѳ коюу ишке ашты.
Иш-чарага мейман жана ѳнѳктѳштѳр катары Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттержи, Индия элчилигинин экинчи катчысы Раджеш Кумир мырза, КР Тышкы иштер министрлигинин ѳкүлү, эстеликти ачуу үстүндѳ иштеген адистер, музей кызматкерлери жана маалымат каражаттары катышты.
Иш-чараны ачкан жана алып барган мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова, эстеликти ачууга салым кошкон ѳнѳктѳштѳргѳ атайын сертификаттарды жана символикалуу белектерди тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.
Бул маданий кызматташтык жакшы саамалыктын башталышы экендигин, тарыхый алака чыңаларын кызыл тасма кесүү асеми алдында сѳз сүйлѳгѳн жетекчилер ѳзгѳчѳ баса белгилешти.
Адамзаттын жана улуттун мурасына айланган эстеликти узакка сактоо жана жаңылап ачуу жемиштүү иши, музейдин активдүү кызматташуусунун ийгилиги болуп калды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90