КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТУРКСОЙДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Эл аралык Түрксой уюмунун Башкы катчысы Султан Раев жетектеген түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюмунун делегат ѳкүлдѳрү, иш сапарынын алкагында тарых музейине зыярат кылды.
Абройлуу уюмдун меймандарына, кыргыздардын жана түрк элдеринин маанилүү окуялары, түрк дүйнѳсүнүн улуу инсандарды тууралуу сакралдык музей предметтери аркылуу маалымат берилди.
Түрк элдеринин чыгаан окумуштуулары Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгаринин адамзаттын мурасына айланган эмгектерин талкуулоо менен кѳрүштү.
Соңунда, Кыргызстандын руханий сыймыгына айланган музейдин ишине ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдиришти.